Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-апрели № 3/9
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансасында турган, кепилденген иштөө мөөнөтү бүткөн техникаларды аукционго коюуга макулдук берүү жөнүндө.
Муниципалдык менчик объектерин башкаруу тартиби жөнүндө жобогоылайык Кара-Суу айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн балансында турган, кепилденген иштөө мөөнөтү бүткөн жигули ВАЗ 21074 мамлекеттик номери 0830 NA жана Эксковатор ЭО 2622 мамлекеттик номери 0314 TRNB техникаларын аукционго коюуга макулдук берилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирсин, расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жакыпакун уулу |