Редакцияот 05.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 5-августундагы № 5/4

 

Жерге- Тал айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Быжыр участкасында көп жылдардан бери пайдаланылбай келген 7 даана железобетонный карагайды (бүгүнкү күнгѳ чейин пайдалануучулар жок болгондугуна байланыштуу) Жерге- Тал айылындагы “Аруу-Нур” балдар бакчасына 10дук линия тартуу үчүн пайдаланууга алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Депутаттардын Жерге- Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1. Жерге- Тал айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Быжыр участкасында көп жылдардан бери пайдаланылбай келе жаткан 7 (жети) даана железобетонный карагайды Жерге-Тал айылындагы “Аруу-Нур” балдар бакчасына 10 дук линия тартуу үчүн пайдаланууга берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М. Ашырбековго тапшырылсын.

 

 

Төрагасы

Т.Орунбаев