Редакцияот 05.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2021-жылдын 5-августундагы № 5/3

 

Жерге- Тал айыл өкмөтүнө караштуу Чолок- Кайың айылындагы таза суу пайдалануучулардын сууну максатсыз пайдаланып, келишим эрежелерин бузган жарандарга айып пулдардын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө

Кыргыз республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Депутаттардын Жерге-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1. Таза сууну ээнбаштык менен пайдаланып, шланг сайып, курулуш иштерине пайдаланса, огород сугарса, ж.б. иштерди аткарган учурда төмөндөгүдөй айып пул төлөнсүн:

1 жолу – 1000 сом ,

2 жолу -  1500 сом,

3 жолу -  сууну токтотуу.

2. Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан айыл тургундарынын арызына ылайык, уруксат менен тиешелүү акчасын төлөп, пайдалануу сунушу жактырылсын.

3. Үйүнөн суу чыгарган үй ээлерине счетчик койдуруп, тарифтерин көтөрүү сунушу эске алынсын.

4. Токтомдун аткарлышын көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнүн башчысы М. Ашырбековго жүктөлсүн.

 

 

Төрагасы

Т.Орунбаев