ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2021-жылдын 5-августундагы № 5/1
Жерге- Тал айыл аймагындагы ички жана ортонку жайлоолордогу малдар кароосуз калып, (бадачыларга кошпостон) айдоо аянттарына түшүп, тебелетип, зыянга учураткан учурда салынуучу айыптарга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамына ылайык депутаттардын Жерге-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Жерге- Тал айыл аймагында малдарды кароосуз кое берип, айдоо аянттарын тебелетип, зыянга учуратса:
- 1 жолу 400 сом,
- 2 жолу 600 сом,
- 3 жолу 800 сом айып пул төлөтүлсүн (Арпа жайлоосуна көчүп кеткенге чейин).
2. Арпа жайлоосуна көрсөтүлгөн мөөнөттө малдарын чыгарбай, орто бөксө жана ички жайлоолордо малдары калып, айдоо аянттарына мал түшсө мал башына 1000 (бир миң) сомдон айып пул төлөнсүн.
3. Айыл өкмөтү тарабынан бекитилген мөөнөттөн Арпа жайлоосунан эрте көчүп келсе, ошондой эле Арпага көчпөгөн бадачыларга 15,0 миң сом (он беш) айып пул төлөө жагы белгиленсин.
4. Салынган айып пулдар айыл өкмөтүнө кириштелип, комиссиянын корутундусуна ылайык, маалымат булактарына жарыялоо менен максаттуу түрдѳ пайдалануу жөнүндө маалымат берип туруу сунушу жактырылсын.
Төрагасы | Т.Орунбаев |