Редакцияот 14.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-БАШАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 14-февралындагы № 8

 

Турак жай имараттары жана жайлар үчүн мүлк салыгынын ставкасын белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34; 39-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин 14-пунктуна,” Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин” 379; 380-беренелерине киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолордү аткаруу максатында, Ак-Башат айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, 2025-жылдын 31-январында № 02-12/197 Ак-Башат айыл өкмөтүнүн катынын негизинде, Ак-Башат айылдык кеңештин кезексиз сессиясы токтом кылат :

 

1. Ак-Башат айыл аймагында 2025-2027-жылдарга, турак жай имараттар жана жайларга салыктын ставкасы 1 чарчы метрине 10 сомдон белгиленсин.

2. Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтү бул токтомду жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3. Ак-Башат айылдык кеңешшинин жооптуу катчысы бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө милдети Ак-Башат айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы

 

И.С.Рыскулов