ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Депутаттардын Жерге- Тал айылдык кеңешинин VI кезексиз cессиясы
2021-жылдын 2-сентябрындагы № 6/2
Жерге- Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун Кызматташтык жөнүндө макулдашуусун карап жана талкуулап
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 16-беренесинин негизинде Депутаттардын Жерге-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун “Нарын облусунда айылды суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү” программасынын алкагында Жерге-Тал айыл өкмөтү менен түзүлгөн Кызматташтык жөнүндө макулдашуусу бекитилсин.
2. Жогорудагы Кызматташуу жөнүндөгү макулдашуунун максаттарына жетүү үчүн аракеттерди көрүү жана ишке ашыруу Жерге- Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Ашырбековго тапшырылсын.
Төрагасы | Т.Орунбаев |