Редакцияот 20.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясынын

 

2025-жылдын 20-февралы №4/16

 

Миӊ-Булак айыл аймагынын 2025-жылга туризим багытында жерлерди  жана мал багуу, жайыт акыларын бекитүү жөнүндө

 

      Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б. Кошалиевдин баяндамасын угуп жана Мин-Булак айыл аймагынын «Миӊ-Булак, тазалык» муниципалдык ишканасынын 29.01.2025-жылдагы №3, Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн №2-2.4/67 кайрылуусун талкуулап, Депутаттардын Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин кезектүү I сессиясы токтом кылат:

 

  1. Миӊ-Булак айыл аймагынын 2025-жылга туризимдик багытта жерлерди ижарага берүү  жана мал багуу, жайыт акылары төмөндөгүдөй бекитилсин.

Туризим багытында жерлерди ижара акысы 1 чарчы квадрат жер 1(бир) сомдон болуп бекитилсин.

Жайыт акы бир жылдык тариф:

Кой, эчкиге – 20 сом;   Уй, жылкыга – 100 сом; Топозго 100 сом

Сырттан келген малдарга бекитилген баадан эки эселенген акы алынсын.

2025-жылга  Чабынды чөп; 1 га 1000 сомдон болуп бекитилсин.

 

  1. Муниципалдык жерлер ишкерлик кылууга 500 кв метрден өйдө 1 кв.метр жер 4 сом ай сайын.

 

  1. Муниципалдык жерлерди огород катары пайдаланууга 500 кв метрден өйдө 1 кв.метр жер 2 сом ай сайын.

 

      4.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиевге  милдеттендирилсин.

   

5.Ушул  токтом,  каттоодон  ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg  веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.

 

 Төрага

 

К. Усупов