Редакцияот 20.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын I кезектүү сессиясынын

 

2025-жылдын 20-февралы №4/17

 

 

Нарын райондук аймактык комиссиясынын кайрылуусу боюнча, «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын 19-22 беренелерине ылайык, Нарын районунун Миӊ-Булак айыл аймагындагы №4037, №4038, №4039, №4040, №4166, №4041, №4054, №4055, участкаларынын шайлоо комиссиясынын курамын жана резервин түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан, коомдук уюмдардан келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, Нарын районунун Миӊ-Булак  айылдык кеӊешинин депутаттарынын кезексиз отуруму токтом кылат

1. Нарын районунун Миӊ-Булак айыл аймагындагы №№4037, №4038, №4039, №4040, №4166, №4041, №4054, №4055  участкаларынын шайлоо комиссияларынын курамын жана резервин жаӊыртып түзүү максатында, эмгек жамааттарынан, шайлоочулардан келиптүшкөн сунуштарга ылайык, тизмедеги жарандар

2. №4037, №4038, №4039, №4040, №4166, №4041, №4054, №4055,  участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине киргизүүгө сунушталсын. (курамы тиркелет)

 

3.     Сунушталган жарандардын тиешелүү документтери токтом менен бирге Нарын райондук аймактык шайлоо комиссиясына жиберилсин.

 

4. Ушул  токтом,   каттоодон ɵткɵрүлүп min-bulak.gov.kg   веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Жолдошовго тапшырылсын.

 

 

 Төрага

 

К. Усупов