Редакцияот 12.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын 12-марты № 14

 

“2025-жылга Кара-Балта шаарынын мэриясынын башкаруу түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө”

 

     2025-жылга Кара-Балта шаардык мэриясынын башкаруу түзүмүн оптималдаштырууну жүргүзүү тууралуу Мекенин эмгек кубаттуулугун жигердүү пайдалануу, бюджеттик каражаттарды туура колдонуу максатында Кара-Балта шаардык кенешинин сессиясы

                                            ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Кара-Балта шаардык Кенешинин 2022-жылдын 23-декабрындагы №01 токтому өз күчүн жоготту деп табылсын.

2.      Кара -Балта шаарынын мэриясы 2025-жылдын  1- июнуна чейинки мөөнөттө"Кара-Балта шаарынын муниципалдык  менчик, спорт жана маданият  Башкармалыктарын болуштуруу боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүшсүн.

3.      Кара-Балта шаарынын мэриясынын жаны Башкаруу түзүмү  1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4.      Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5.      Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Жекшеновго жүктөлсүн.

Таркатылсын: көктөмөгө, Кара-Балта шаардык мэриясына, «Универсал», ЧБЮБ КР

 

Кеңештин төрагасы                                                        М.Дүйшеналиев