Редакцияот 20.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

13.02.2025-жыл №32

Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетттин 2024-жылга карата аткарылышы жөнүндө

 

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде, 2024-жылдагы Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин аткарылыш боюнча маалыматты карап, талкуулап Эл депутаттарынын

Тору-Айгыр-Тамчы  айыл аймагынын жергиликтүү  кеңешинин кезексиз төртүнчү  сессиясы

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

       1.2024-жылдагы Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы канааттандыраарлык деп табылсын.

        2.Маалымат берүүдөгү айтылган сунуш-талаптарды эске алуу менен иш алып баруу жагы Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.

Төрага:                                                                                                                 Н.Т. Иманалиев