Редакцияот 20.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

13.02.2025-жыл №33

Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын Уставын бекитүү жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү уставын карап, талкуулап

Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

          1.Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын типтүү Уставы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме 25 баракта).

          2.Токтомду каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

          3.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага:                                                                                                                 Н.Т. Иманалиев