Редакцияот 21.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРУ-АЙГЫР ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

13.02.2025-жыл № 34

“Тору-Айгыр-Тамчы таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2024-жылда аткарылган иштери жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пунктунун негизинде, “Тору-Айгыр-Тамчы таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2024-жылда аткарылган иштери жөнүндө маалыматты карап чыгып, талкуулап Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы  айыл аймагынын жергиликтүү  кеңешинин кезексиз төртүнчү  сессиясы

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

        1. “Тору-Айгыр-Тамчы таза аймак” муниципалдык ишканасынын 2024-жылда аткарылган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.

        2. Маалымат берүүдөгү айтылган сунуш-талаптарды эске алуу менен иш алып баруу жагы “Тору-Айгыр-Тамчы таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Сагынаалиевге милдеттендирилсин.

Төрага:                                                                                                                 Н.Т. Иманалиев