Редакцияот 21.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

13.02.2025-жыл № 37

“Тору-Айгыр-Тамчы таза суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде, “Тору-Айгыр-Тамчы таза суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджетин карап чыгып, талкуулап Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы  айыл аймагынын жергиликтүү  кеңешинин кезексиз төртүнчү  сессиясы

 

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

         1. “Тору-Айгыр-Тамчы таза суу” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга бюджети 8 685 800(сегиз миллион алты жүз сексен беш миң сегиз жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

         2. Жыл ичиндеги акча каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.

         3.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Д.Т.Жумабаевге милдеттендирилсин.

 

 Төрага:                                                                                                                 Н.Т. Иманалиев