Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
04.04.2025-жыл №54
Малды жайлоого чыгаруу графигин жана мал багуу акысынын тарифин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 18-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айылдарында өткөн Элдик жыйындын протоколдору менен таанышып чыгып, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Мал багуу акысы бодо мал 600 (алты жүз) сом, тай 1000(бир миң)сом, кой, эчки 100(бир жүз) сом (жайыт акы ичинде) болуп 3 жылга бекитилсин. Жайыт акы бодо мал 100 (жүз) сом. Кой, эчки 20(жыйырма) сом.
2.Жалпы айыл аймагында малды тоого чыгаруу, көчүп конуу убактысы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- 1-апрелден 15-апрелге чейин жакынкы жайыттарга;
- 10-майдан 15-майга чейин алыскы жайыттарга чыгуу;
- күзүндө жакага түшүү убактысы 1-октябрдан баштап;
-Тору-Айгыр, Кызыл-Өрүк айылы күзүндө жакага түшүү убактысы бодо мал 15-октябрдан баштап, кой, эчки 1-ноябрдан баштап.
3.Тору-Айгыр-Тамчы жергиликтүү кеңеши тарабынан бекитилген тарифтерге жана көчүп-конуу графигине баш ийбеген малчыларга жана мал ээлерине мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
4.Үлүш жерлерин тосуп алган жарандарга малдарын башка тосулбаган үлүш аянттарга чыгарууга тыюу салынсын. Чыгарган учурда мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
5.100 (жүз) баштан ашык кой, эчки үлүш жерлерине жайылууга тыюу салынсын.
6.Токтомдун аткарылышы “Тору-Айгыр-Тамчы таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.С.Жолалиевге милдеттендирилсин.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г.Р.Рысалиевага тапшырылсын.
Төрага: Н.Т. Иманалиев