Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
04.04.2025-жыл № 55
Ичкен таза суунун тарифтерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктун жетекчиликке алып, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айылдарында өткөн Элдик жыйындын протоколдору менен таанышып чыгып, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ичүүчү таза сууну пайдалануу үчүн тарифтер төмөндөгүдөй бекитилсин:
-Тамчы айылында суу эсептегич менен 1м3 20 (жыйырма)сом, суу эсептегич коюлганга чейин киши башына 30(отуз) сом, конок үйлөргө бир орунга 50 (элүү)сом;
-Кош-Көл айылында киши башына 30(отуз)сом. Конок үйлөргө бир орунга 50(элүү)сом;
-Чырпыкты айылында суу эсептегич менен 1м3 20 (жыйырма) сом, Чолпонкул, Орозалиев көчөсү киши башына 30(отуз)сом;
-Тору-Айгыр айылында суу эсептегич менен 1м3 20 (жыйырма) сом, суу эсептегич коюлганга чейин кожолука 150(бир жүз элүү)сом, ташып ичкендерге кожолукка 70 (жетимиш)сом;
-Кызыл-Өрүк айылында айылында суу эсептегич менен 1м3 20 (жыйырма)сом, суу эсептегич коюлганга чейин кожолука 150(бир жүз элүү)сом, ташып ичкендерге кожолукка 70 (жетимиш)сом;
-Сары-Камыш айылында суу эсептегич менен 1м3 20 (жыйырма)сом, суу эсептегич коюлганга чейин кожолука 100(бир жүз)сом.
2.Таза суу системасына кошулуу акысы жергиликтүү тургундарга 5000 (беш миң) сом (счётчик ичинде), коммерциялык баа 20 000 (жыйырма миң)сом болуп бекитилсин.
3.Бекитилген тарифтерге баш ийбеген жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлсүн.
4.Токтомдун аткарылышы “Тору-Айгыр-Тамчы таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.С.Жолалиевге милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Г.Р.Рысалиевага тапшырылсын.
Төрага: Н.Т. Иманалиев