Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
21.04.2025-жыл № 83
Лизинг аркылуу техника алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, айыл аймагындагы чарбалык, коммуналдык иштерди жүргүзүү максатында айыл өкмөтүнө лизинг аркылуу эксковатор, водовоз жана Кош-Көл айылынан Тамчы айылына келип окуган окуучуларды ташуу үчүн автобус техникасын алуу боюнча айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Г.Р.Рысалиеванын сунушун карап, талкуулап Эл депутаттарынын Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы чарбалык, коммуналдык иштерди жүргүзүү максатында айыл өкмөтүнө лизинг аркылуу эксковатор, водовоз жана автобус техникасын алууга макулдук берилсин .
2.Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Г.Р.Рысалиевага тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысынын милдетин аткаруучу Г.Р.Рысалиевага милдеттендирилсин.
Төрага: Н.Т. Иманалиев