Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 11-апрели ПТ № 124
1. Кыргыз Республикасы менен Буркина-Фасонун ортосунда Дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө биргелешкен коммюникенин мамлекеттик тилдеги долбоору жактырылсын.
2. Нью-Йорк шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлүнө жогоруда аталган Биргелешкен коммюникеге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү мүмкүндүгүн эске алуу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасы менен Буркина-Фасонун ортосунда Дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө БИРГЕЛЕШКЕН КОММЮНИКЕ
Кыргыз Республикасы менен Буркина-Фасо,
өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшүү жана эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөө максатында,
Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында бекитилген принциптерди жана максаттарды жана эл аралык укукту, айрыкча эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту, мамлекеттик эгемендүүлүктү, көз карандысыздыкты өз ара урматтоону, мамлекеттердин ортосундагы теңдикти, эл аралык келишимдерди, аймактык бүтүндүктү жана башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөнү урматтоого жана колдоого тиешелүү болгон принциптерди туу тутуп,
1961-жылдын 18-апрелиндеги Дипломатиялык байланыштар жөнүндө Вена конвенциясынын жоболоруна ылайык ушул Биргелешкен коммюникеге кол коюлган күндөн тартып күчүнө кире турган дипломатиялык байланыштарды түзүүнү чечишти.
Муну ырастоо менен өз мамлекеттери тарабынан тийиштүү түрдө ыйгарым укук берилген, төмөндө кол койгон өкүлдөр ушул Биргелешкен коммюникеге кыргыз, француз жана англис тилдеринде үч түп нускада кол коюшту, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ жана ушул Биргелешкен коммюникени чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.
Нью-Йорк шаарында 2025-жылдын "___" ____________ түзүлдү жана кол коюлду.
Кыргыз Республикасы үчүн |
| Буркина-Фасо үчүн |