Редакцияот 16.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРТО-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кезексиз сессия VIII – чакырылыш

 

2024-жылдын 16-сентябрындагы № 22

 

“2025-жылга долбоорлорго өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө”

Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн СӨБ башчысы Машланова Э.М. 2025-жылга долбоорлорду ишке ашыруу максатында, жергиликтүү бюджеттен өздүк салым бөлүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Орто-Кайыңды айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнө республикалык дем берүүчү гранттын эсебинен 8 816 077 сом грант алуу максатында , 2025-жылдын чыгаша бөлүгүнө жергиликтүү бюджеттен 6 982 315 сом каралсын, баардыгы 15 798 392 сом.

2. Республикалык бюджеттен дем берүүчү грант аркылуу ишке ашырылуучу долбоорлор жана өздүк салым тизмеге ылайык бекитилсин ;

1) Эркин-Сай жана Орто-Кайырма айылдарынын ички көчөлөрүнө шагыл төшөө долбоору өздүк салым 2 324 645 сом , дем берүүчү грант 2 324 644 сом, баардыгы 4 649 289 сом.

2) Вознесеновка айылынын ички көчөлөрүнө шагыл төшөө долбоору өздүк салым 346 911 сом, дем берүүчү грант 1 387 646 сом, баардыгы 1 734 557 сом.

3) Вознесеновка айылындагы Первомайская көчөсүн асфальттоо долбоору өздүк салым 4 046 416 сом, дем берүүчү грант 4 046 416 сом, баардыгы 8 092 832 сом.

4) Вознесеновка айылындагы “ Ширин-бөбөк” бала бакчасынын чатырын алмаштыруу долбоору өздүк салым 264 343 , дем берүүчү грант 1 057 371 сом, баардыгы 1 321 714 сом.

3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн СӨБ башчысы Машланова Э.М. жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Орто-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысы Баязова Ж.Э жүктөлсүн.

 

 

Төрага

К.Мырзагелдиев