Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-апрели № 45/7-6
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонддун алдындагы “Токмок Водоканал” жана “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканаларынын колдонуудагы бюджеттик кредиттери боюнча 211,4 млн. сом суммасындагы карызын толук төлөөнүн эсебине Токмок шаарында жайгашкан үч муниципалдык жер участокторун, курулуштары менен, мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 3-апрелиндеги кириш №01-07/79 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссиясынын 2025‑жылдын 4-апрелиндеги отурумунун №8 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансы‑кредиттик фонддун алдындагы “Токмок Водоканал” жана “Токмок Жылуулук” муниципалдык ишканаларынын колдонуудагы бюджеттик кредиттери боюнча 211,4 млн. сом суммасындагы карызын толук төлөөнүн эсебине төмөнкү үч муниципалдык жер участокторун, курулуштары менен, мамлекеттик менчикке өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин:
- Токмок шаарынын Манап-Бий көчөсүнүн, номурсуз дарегинде жайгашкан жер участогунун жалпы аянты 5318,0 ч.м., курулуштун аянты 1206,1 ч.м., идентификациялык номери 7-10-01-0002-0447;
- Токмок шаарынын Манап-Бий көчөсүнүн, №35 дарегинде жайгашкан жер участогунун жалпы аянты 5000,0 ч.м., курулуштун аянты 484,8 ч.м., идентификациялык номери 7-10-01-0002-0335;
- Токмок шаарынын Манап-Бий көчөсүнүн, номурсуз дарегинде жайгашкан жер участогунун жалпы аянты 3501,5 ч.м., идентификациялык номери 7-10-01-0002-0443.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкердикти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч.К. Исаев |