Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30 апрель №37
Жер тилкесин трансформациялоого
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Алтын-Арашан айыл аймагынын Бөрү-Баш айылындагы №869-контурундагы жайгашкан жайыт жер тилкесин айыл чарба багытында курулуш куруу багытына өзгөртүп берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1.Бөрү-Баш айылындагы №869-контурундагы 0,20га жайыт жер тилкесин багытын өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берет.
2.Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев
Жиберилди: Иш-кагазга-1, а/ѳ-1, Юстицияга -2