Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-апрели №49/7-6
Токмок шаарынын №14 жалпы билим берүү орто мектебинин имаратын "Ас-Сафа борбору" Коомдук бирикмесине акысыз пайдаланууга өткөрүп берүүгө жана муниципалитеттин балансына мектептин жаңы имаратын устаканасы менен кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 9-апрелиндеги кириш №01‑07/83 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссиясынын 2025‑жылдын 9-апрелиндеги отурумунун №10 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ас-Сафа борбору" Коомдук бирикмесине Токмок шаары, Дунларов көч., 274 дарегинде жайгашкан 14-мектептин имаратын, жалпы аянты 25644,0 ч.м., курулуштун аянты 1768,2 кв.м., идентификациялык номуру 7-10-06-0046-0470 болгон жер тилкесин акысыз пайдаланууга, тараптардын ортосунда 2019-жылдын 14-ноябрындагы 56 номуру менен мурда түзүлгөн келишимде белгиленген мөөнөттөн ашпаган мөөнөттө объектинин билим берүү мекемеси катары максаттуу багытын сактоо менен өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгына Токмок ш., Дунларов көч., 274а дарегинде жайгашкан устаканадан жаңы мектеп имаратын кабыл алууга макулдук берилсин.
3. Бул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч.К. Исаев |