Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30 апрель № 38
Жер тилкесин бөлүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Бөрү-Баш айылынын тургуну Коноев Эркинбек Шарипбаевичтин, Бөрү-Баш айылына караштуу №553-контурундагы айыл чарба багытындагы курулуш алдындагы 0,10га жер тилкесин мал сарай жана чабандын үйүн курууга жеке менчикке берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1.Бөрү-Баш айылынын тургуну, Коноев Эркинбек Шарипбаевичке, Бөрү-Баш айылына караштуу №553-контурундагы айыл чарба багытындагы курулуш алдындагы 0,10га жер тилкесин, мал сарай жана чабандын үйүн курууга жеке менчикке 10 баш ийри мүздүү, 20 баш майда мал багууга бөлүп берүүгө макулдук берет.
2.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев
Жиберилди: Иш-кагазга-1, а/ѳ-1, Юстицияга -2