Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30 апрель № 40
Жер тилкесин бөлүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Бөрү-Баш айылынын тургуну Нурдин уулу Нурадилдин Бөрү-Баш айылына караштуу № 1008-контурундагы 0,08га жер тилкесин мал сарай жана чабандын үйүн курууга жеке менчикке берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1.Бөрү-Баш айылынын тургуну, Нурдин уулу Нурадилге, Бөрү-Баш айылына караштуу № 1008-контурундагы айыл чарба багытындагы башка жерлерден 0,08га жер тилкесин, мал сарай жана чабандын үйүн курууга жеке менчикке 10 баш ийри мүздүү, 20 баш майда мал багууга бөлүп берүүгө макулдук берет.
2. Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев
Жиберилди: Иш-кагазга-1, а/ѳ-1, Юстицияга -2