Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жылдын 9-апрели №47/7-6
Хурова Зухра Ясыровнанын Токмок шаары, Михаил Афанасьев көчөсү, №180 (турак жайдын батыш тарабы) дареги боюнча жайгашкан, жалпы аянты 30,0 ч.м., код ЕНИ 7‑10‑05-0024-0015 жер участогу менен Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын Токмок шаары, Михаил Афанасьев көчөсү, №180 (Хурова Зухра Ясыровнанын турак-жайынын түндүк тарабы) дареги боюнча жайгашкан, жалпы аянты 30,0 ч.м. жер участогун алмаштырууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 4-апрелиндеги кириш №01-07/82 катынын жана Токмок шаардык кеңешинин Ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча комиссиясынын 2025‑жылдын 4-апрелиндеги отурумунун №8 протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Хурова Зухра Ясыровнанын Токмок шаары, Михаил Афанасьев көчөсү, №180 (турак жайдын батыш тарабы) дареги боюнча жайгашкан, жалпы аянты 30,0 ч.м., код ЕНИ 7‑10‑05-0024-0015 жер участогу менен Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын Токмок шаары, Михаил Афанасьев көчөсү, №180 (Хурова Зухра Ясыровнанын турак-жайынын түндүк тарабы) дареги боюнча жайгашкан, жалпы аянты 30,0 ч.м. жер участогун алмаштырууга Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкердикти, орто жана кичи бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ч.К. Исаев |