Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30 апрель № 41
Жер тилкесин бөлүп берүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Бөрү-Баш айылынын тургуну Кыргызбаев Кайрат Райымбековичтин Бөрү-Баш айылына караштуу №1008-контурунан 0,20га жер тилкесин мал сарай, үйү менен салганга берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1.Бөрү-Баш айылынын тургуну, Кыргызбаев Кайрат Райымбекович, Бөрү-Баш айылына караштуу №1008-контурундагы айыл чарба багытындагы башка жерлерден 0,20га жер тилкесин, мал сарай жана чабандын үйүн курууга жеке менчикке, 10 баш ийри мүздүү, 20 баш майда мал багууга бөлүп берүүгө макулдук берет.
2. Алтын-Арашан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев
Жиберилди: Иш-кагазга-1, а/ѳ-1, Юстицияга -2