Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРДЫ КОРГОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ
БУЙРУК
2025-жылдын 14-январы № 4
Статистикалык, социологиялык, тарыхый,
медициналык жана башка илимий менен практикалык
изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жеке маалыматтарды
ээсиздендирүү тартибин
бекитүү жөнүндө
“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26- жана 27-беренелерине ылайык, 2024-жылдын 3-мартындагы № 115 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 27-пунктунун жана 2021-жылдын 22-декабрындагы № 325 Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө Жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кыламын:
1. Статистикалык, социологиялык, тарыхый, медициналык жана башка илимий менен практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жеке маалыматтарды ээсиздендирүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин мыйзамдык экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү:
– 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор А.Ж. Усенов
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетине караштуу
Жеке маалыматтарды коргоо
боюнча мамлекеттик
агенттиктин буйругуна
2025-ж. “__” _________№___
Статистикалык, социологиялык, тарыхый, медициналык жана
башка илимий менен практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн
жеке маалыматтарды ээсиздендирүү Тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип статистикалык, социологиялык, тарыхый, медициналык жана башка илимий менен практикалык изилдөөлөрдө пайдалануу максатында “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26 жана 27-беренелерине ылайык жеке маалыматтарды ээсиздендирүү тартибин белгилейт.
2. Бул Тартип жеке маалыматтар массивдерин кармоочулар (ээлери) тарабынан жүзөгө ашырылуучу жеке маалыматтарды ээсиздендирүүнүн бардык операцияларына карата колдонулат.
3. Жеке маалыматтарды ээсиздендирүү учурунда жеке маалыматтардын жашыруундуулук режими жокко чыгарылат. Эгерде маалыматтардын чогултулган жыйындысы жеке маалыматтарды камтыбаса, аны колдонуу же ачыкка чыгаруу жашыруундуулукту бузбайт.
4. Бул Тартипте төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
Жеке мүнөздөгү маалыматтар (жеке маалыматтар) – конкреттүү адам жөнүндө материалдык сактоочулар жазылган маалымат, ал конкреттүү адам менен окшоштурулат же окшоштурулушу мүмкүн, ушул адамды түз же кыйыр анын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык түрдүүлүгү үчүн анын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык идентификация үчүн мүнөздүү болгон бир же бир нече факторлорго шилтеме жасоо жолу менен идентификациялоого мүмкүндүк берет.
Жеке маалыматка: өмүр баяны жана таанууга арналган маалыматтар, жеке мүнөздөмөлөр, үй-бүлөлүк абалы, каржылык абалы, ден соолугу ж.б. жөнүндө маалыматтар кирет.
Жеке маалыматтар субъекти (субъект) – тиешелүү жеке маалыматтар таандык болгон адам.
Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) – ушул Мыйзамга ылайык жеке маалыматтардын чогултулушун, сакталышын, иштеп чыгышын жана пайдаланышын контролдогон, жеке маалыматтардын максатын жана категорияларын аныктоо ыйгарым укугу жүктөлгөн мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана юридикалык жактар.
Жеке маалыматтарды ээсиздендирүү – жеке маалыматтардан аларды конкреттүү адам менен окшоштурган бөлүгүн алып салуу.
Түз идентификаторлор – адамдын инсандыгын түздөн-түз көрсөткөн маалымат (мисалы, аты-жөнү, дареги, телефон номери, социалдык камсыздандыруу номери ж.б.).
Кыйыр же квази-идентификаторлор (quasi-identifier) – бул адамды идентификациялабаган, бирок башка маалыматтар менен айкалыштырып, аны идентификациялоого үчүн колдонула турган маалымат. Бул, мисалы, туулган күнү, почта индекси, жынысы, улуту, ошондой эле адам жөнүндө маалыматты окуу үчүн колдонула турган башка мүнөздөмөлөр болушу мүмкүн.