Загрузка документа…
АЛТЫН-АРАШАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 30 апрель № 46
Жер тилкесин трансформациялоого
макулдук берүү жөнүндө
Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш, Алтын-Арашан айыл аймагынын Октябрь айылындагы №9-контурдан 0,20 га, №386-контурундан 0,20 га жалпысынан 0,40 га жер тилкесин, анын ичинен 0,30га жер тилкесин айыл чарба багытындагы курулуш курууга, 0,10га жер тилкесин мөмө жемиш отургузууга багытын өзгөртүп берүү боюнча арызын карап, таанышып чыгып, Алтын-Арашан жергиликтүү Кеӊеш токтом кылат:
1. Октябрь айылындагы №386-контурундагы айыл чарба багытындагы таштуу жайыт жеринен 0,20га жер тилкесинин багытын өзгөртүүгө (трансформациялоого) макулдук берет.
2.Ак-Суу райондук мамлекеттик администрацияга багытын өзгөртүп берүү боюнча суралуусу айыл өкмөт башчысы Э.Кулетовго милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы жана көзөмөлдөө жагы жергиликтүү Кенештин жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Осмоналиевге жүктөлсүн.
Тѳрага А.Токомбаев
Жиберилди: Иш-кагазга-1, а/ѳ-1, Юстицияга -2