Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 25-февралы № 168
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо
министрлиги тарабынан медициналык кызмат көрсөтүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2 пунктунун ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине киргизилген, медициналык кызматтарды көрсөтүү жаатында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
1) бул буйруктун 1-тиркемесине ылайык Алдын алуучу эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилген алдын алуучу эмдөөлөрдү жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын алуучу эмдөөлөрдү жүргүзүү (кызмат көрсөтүүлөрдүн Реестринин 2-главасынын 2-пункту);
2) бул буйруктун 2-тиркемесине ылайык Алдын алуучу эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилбеген алдын алуучу эмдөөлөрдү жүргүзүү (кызмат көрсөтүүлөрдүн Реестринин 2-главасынын 3-пункту);
3) бул буйруктун 3-тиркемесине ылайык Бейтапты ооруканага чейин жеткирүү, пландык көрсөткүчтөр боюнча бир ооруканадан экинчиге ташып баруу (кызмат көрсөтүүлөрдүн Реестринин 2-главасынын 20-пункту);
4) Табыштамалар жана келишимдер боюнча дезинсекциялык, дезинфекциялык жана дератизациялык иш-чараларды жүргүзүү (кызмат көрсөтүүлөрдүн Реестринин 2-главасынын 21-пункту).
2. Бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде МЖУжанаДСБнын жетекчиси (Ибраева Н.С.):
1) анын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) буйруктун кагаз жана электрондук көчүрмөлөрүн алып жүрүүчүлөргө аталган ченемдик укуктук актыны жарыялоо булагын көрсөтүү менен ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары
К.К. Байдавлетовго жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр Э.М. Чечейбаев
2025-ж.______ № ___ КР ССМ буйругуна
1- тиркеме
2-глава. Медициналык кызматтар | ||
1. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн паспорту | ||
1 | Кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Алдын алуучу эмдөөлөрдүн улуттук календарына киргизилген алдын алуучу эмдөөлөрдү жана эпидемиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын алуучу эмдөөлөрдү жүргүзүү, - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 2-главасы, 2-пункт |
2 | Кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик органдын (мекеменин) толук аталышы | Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатында мамлекеттик саясат жүргүзгөн жана башкарган мамлекеттик борбордук органы (мындан ары - жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган); Республикалык иммунопрофилактика борбору; Үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору; Үй-бүлөлүк медицина борборлору; Жалпы дарыгердик практика борборлору; фельдшердик-акушердик пункттар; облустук бириккен ооруканалар, аймактык ооруканалар Саламаттык сактоонун аймактык уюмдарынын тизмеси байланышуу маалыматы жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандарты менен бирге жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын маалымат стенддеринде жана расмий сайтында: www.med.kg берилген. |
3 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуучулар | Ооруларды алдын алуучу эмдөөлөрдүн календары боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Кыргыз Республикасында расмий катталган чет өлкөлүк жарандар. Ооруларды алдын алуучу календар жарандардын ден соолугун коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтында. |
4 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү алуунун укуктук негизи
| Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: - «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө»; - «Кыргыз Республикасынын коомдук саламамттык сактоо жөнүндө». |
5 | Көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын акыркы жыйынтыгы
| - Эмдөөнүн түрүн, аталышын, дозасын, сериясын жана жарактуулук мөөнөтүн көрсөтүү менен эмдөөлөрдү алган туураалуу маалыматтарды «Иммунизация» маалымат системасында каттоо |
6 | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн шарты
| Кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй шарттарда жүргүзүлөт: - белгиленген санитардык ченемдерге жооп берген бөлмөлөрдө; - жарандардын, анын ичинде көрүү жана угуу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана таянычкыймыл аппараты бузулгандыгына байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн пандустар, кармагычтар менен жабдылган (имараттар, бөлмөлөр) имараттарга жана санитардык-гигиеналык бөлмөлөргө (даараткана, жуунуучу бөлмөлөр) тоскоолдуксуз кирүү мүмкүндүгү болгондо; - жандуу кезек принциби боюнча; - «Түндүк» мобилдик тиркемеси же Sanarip Clinic маалымат системасы (https://mis.med.kg) аркылуу дарыгерге онлайн кабыл алуу аркылуу. Бөлмөлөрдө күтүү үчүн орундар, дааратканалар (региондордо борбордук суу түтүктөрүнө жана канализацияга туташтыруу мүмкүн болбогон учурда - короодо), жылыткычтар, суу түтүктөрү, телефон жайгаштырылган. Жарандардын жеңилдик берилген категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, ооруктун эмгекчилери жана аларга теңдештирилген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (мындан ары - ДМЧА), кош бойлуу аялдар) кезексиз тейленишет. |