Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-апрели № 7-2
“Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын жайыт пайдалануунун 2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы №30 “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык жайыттарды натыйжалуу жана максаттуу пайдалануу максатында “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын жайыт адистери тарабынан сунушталган 2025-жылга карата жайыт пайдалануу боюнча жылдык иш планы каралып чыгып, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2025-жылга карата жайыт пайдалануу боюнча иш планы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин; (тиркеме тиркелет 3(үч) баракта).
2. Мындан ары жайыт пайдаланууга байланыштуу жылдык иш пландарды өз учурунда иштеп чыгып, бекитүү тууралуу сунуш берүү жагы “Ат-Башы Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчилигине милдеттендирилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ат-Башы айылдык кенешинин жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | У. Мелис уулу |
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык
кеңешинин 29-апрель 2025-жылдагы
кезексиз VII сессиясынын
№7-2 токтомуна 1-тиркеме
№ | Иш-чаралардын аталышы | Ким жооптуу | Өнөктөштөр | Аткаруу мөөнөтү |
1 | Жайыт пайдалануучулардын тизмесин тактоо | “Ат-Башы Тазалык” МИ жайыт адистери | АӨ | Февраль, март. |
2 | Жайытты башка максатта пайдалануучулардын тизмесин тактоо | “Ат-Башы Тазалык” МИ жайыт адистери | АӨ | Февраль, март |
3 | Малдын санын тактоо | Айыл өкмөтү, МИ жайыт адистери | Кварталдык комитет башчылары | Февраль, март, апрель |
4 | Кыркым пункту ишке киргизүү | Аймактагы жеке кой кыркуучу жарандар | «Ат-Башы Тазалык» МИ | Апрель-Май |
5 | Көчүү, конуунун алдында ветеринардык иштерди жүргүзүү | Жеке ветеринарлар | «Ат-Башы Тазалык» МИ | өз учурунда |
6 | Мал багуучулар менен биргелешкен отурум өткөрүү | Айыл өкмөтү | Ат-Башы, Ак-Жар, Ача-Кайынды айылынын тургундары | апрель |
7 | Малдарды жайытка көчүрүү | Жайыт адистери | АӨ | Апрель- Май |
8 | Жайыттардын абалына мониторинг жана баалоо жүргүзүү | АӨ, МИ кызматкерлери | АӨ, МИ | Июнь-июль |
9 | Жайыттарга малдын жайыт башкаруу планына ылайык жайгашуусуна көзөмөл кылуу | АӨ, “Ат-Башы Тазалык” МИ | Экотехинспекция | Июнь-июль |
10 | “Жайлоолорду өнүктүрүү борборун” жана “Жайлоо бала бакчасын” уюштуруу | “Ат-Башы Тазалык” МИ | Бала бакчалар | Июнь-июль |
11 | Жайыттын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча пландалган иш-чараларды аткаруу | “Ат-Башы Тазалык” МИ | АӨ, АРИС, ПРООН, КЭМП Ала-Тоо, ЖК | Июль-август-сентябрь |
12 | Жайлоодон күздөөлөргө көчүп-келүүнү уюштуруу, графиктерге көзөмөл | АӨ “Ат-Башы Тазалык” МИ | АӨ | октябрь |
13 | Ак-Сай өрөөнүндө кыштаган малчылардын малын тактоо | “Ат-Башы Тазалык" МИ, жайыт адистери | АӨ | октябрь |
14 | Ветеринардык-профилактикалык иш-чаралардын аткарылышына көзөмөл | ЖтК | АӨ, МДСК тобу | дайыма |
2 Иш-аракеттердин планы
Таблица №2
Участок | Иш-чара
| Аткаруу мөөнөтү | Иш-чаранын бюджети сом | Ким жооптуу |
Жайыттардын абалына мониторинг жүргүзүү планы | ||||
Ат-Башы айыл аймагындагы тийешелүү участоктор | Жайыттарды абалын баалоо (мониторинг) Ортонку, ички жайыт. | Май 2025-ж | 1500 | Жайыт адистери |
Көк-Арт Талаа-Булак | Жайыттардын абалын баалоо (Ак-Сай өрөөнү)
| Июль 2025-ж | 6000 | Жайыт адистери |
Малдын ден соолугун коргоо боюнча | ||||
Ат-Башы айыл аймагындагы тийешелүү участоктор | Ветеринардык –профилактикалык иштерге көзөмөл кылуу. | дайыма |
| ветеринарлар |
Ат-Башы айыл аймагындагы тийешелүү участоктор | Эхинококкоз, альвеококкоз оорулары боюнча буклет иштеп чыгуу, МДСК тобу менен биргеликте айыл тургундары менен иш алып баруу. | Май- июнь | 1000 | Г.Сураналиева. МДСК тобу Мусуралиев Р (АӨ адиси) |
Ак-Сай өрөөнү Боз-Жар Кош-Караташ Уч-Омпол | Малдарды ар кандай ылаңдардан коргоо максатта вакцинация өткөрүү, Боз-Жар участкасында малдарды купкалоо. |
Август -сентябрь |
6000 | Айылдык ветврач Ж.Нурмамбетов А.Мураталиев. |
Жайыт инфраструктурасын жакшыртуу планы | ||||
Ат-Башы айыл аймагына тиешелүү жайыттар | Көчмө кыркын пункт ишке киргизγγ (Айыл ичиндеги малдарды жана жайлоолорду кыдырып кыркуу иштери) | март |
| А.Үтүров З.Казаков. |
Ак-Сай | Демонстрациялык участокту жакшыртып иштетγγ | Июнь-июль |
| М.Усеков. |
Ат-Башы айыл аймагы | Ички жайыт жолдорду ондоо (Кок-Жон жана Кара-Жон) Ак-Сай өрөөнүндөгү кыштоого жана Жаздоого кетүүчү жолдорду жана көпүрөлөрдү ондоо |
Июнь-июль- Август-Сентябрь. |
400 000 | Жайыт адистери.Ат-Башы Тазалык” МИ |
Малды кышкы тоюттандырууну жакшыртуу планы | ||||
Ат-Башы айыл аймагы | Которуштуруп айдоо боюнча тренинг | Октябрь | 2 000 | Жайыт адистери |
Ат-Башы айыл аймагы | Үрөн чарбалык жумуштарды ишке ашыруу тоют менен камсыз кылуу. Үрөн чарбалык база түзүү. | Жыл бою | 20 000
| Үрөн чарбалар, МИ |