ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 30-январы №174/31-5
Токмок шаарынын 2023-жыл үчүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө берилген материалдарын карап чыгып, шаардык кеӊеш жергиликтүү бюджеттин жалпы киреше бɵлүгү бекитилген планы боюнча алынган расмий трансферттерди жана ошондой эле салыктык администрациялоого жаткан ишканалардын кирешелери (“Интергласс” ЖЧК) жана атайын каражаттарды эсепке алганда 2023-жылдын 12 айында 103,5% аткарылган, (такталган план 392 472,9 миӊ сом болсо, иш жүзүндɵ 406 274,8 миӊ сом) же 13 801,9 миӊ сом ашыкча түшкөнүн белгилейт, анын ичинде:
-бюджеттик каражаттар боюнча аткаруу 103,7%ды түзүп (такталган план 356 939,3 миӊ сом, иш жүзүндө 370 034,7 миӊ сом) же пландан ашыкча 13 095,4 миӊ сом түшкөн.
-атайын каражаттар боюнча 102% (такталган план 35 533,6 миӊ сом, иш жүзүндө 36 240,1 миӊ сом) же 706,5 миң сомго ашыкча аткарылды.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү салык кызматы тарабынан чогултулуучу кирешелер 2023-жылдын ичинде 103,7%га аткарылды (такталган план 268 308,9 миң сом, иш жүзүндө 278 182,6 миң сом) же пландан ашыкча 9 873,7 миң сом түшкөн. Өткөн 2022-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырганда (242 369,5 миң сом) былтыркыга салыштырмалуу 35 813,1 миң сомго көп түшкөн, өсүү темпинин көрсөткүчү 2022-жылдын мезгилине карата 114,8%ды түзөт.
Жалпы пландуу көрсөткүчтөрү (“Интергласс” ЖЧКны эске алуу менен) төмөнкүдөй салыктык жана салыктык эмес кирешелер боюнча аткарылган жок:
-патенттин негизинде салык 4 370,3 миң сомго;
-турак жай эмес имаратка жана жайга мүлк салыгы 131,4 миң сомго;
-муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын, курулмалардын, жабдуулардын жана техникалардын ижара акысы 208,4 миң сомго;
-алкоголдук продукцияны сатууга лицензия алган субъекттерден этил спирттин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти ишке ашыруу үчүн жыйым 545,0 миң сомго;
-айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуу 3 209,5 миң сомго.
2023-жылдын ичинде республикалык бюджеттен расмий трансферттер 44 867,0 миң. сом алынды, анын ичинде:
-«Токмок Жылуулук» МИсынын субсидиясы боюнча карызын төлөөгө – 25 508,2 миң сом;
-«Токмок Жылуулук» МИсынын субсидиясы боюнча карызын төлөөгө «Чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык» 11121100 беренеси боюнча компенсациясы – 19 143,8 миң сом;
-Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетине жер салыгынан түшкөн максаттуу трансферт - 215,0 миӊ сом.
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды эсепке алганда 97,1%га аткарылды, такталган планда 429 666,4 миң сом, иш жүзүндө 417 169,9 миң сом сарпталган, анын ичинен:
-атайын каражаттар 97,1%га аткарылды же такталган планда 35 675,5 миң сом, иш жүзүндө 34 651,6 миң сом сарпталган;
-бюджеттик каражаттар 97,1%га өздөштүрүлдү же такталган план 393 990,9 миң сом менен иш жүзүндө 382 518,3 миң сом сарпталган.
Бюджеттик каражаттар багытталган:
-чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоого (эмгек акы, социалдык фондго чегерүүлөр, тамак-ашка, стипендиялар жана калкка социалдык жардам үчүн жөлөк пулдар) –84 857,2 миң сом же чыгымдардын жалпы көлөмүнүн 22,2%ды түздү;
-коммуналдык кызматтар боюнча – (суу акысы, электр кубаты, жылуулук акысы, жана байланыш кызмат) жана көмүр алууга 56 181,7 миң сом же жалпы чыгымдар 14,7%ды түздү;
-чыгашалардын башка беренелери боюнча – 241 479,4 миң сом же 63,1% (анын ичинде өнүктүрүүгө – 89 723,2 миң сом (23,5%) жана "Токмок жылуулук" МИсынын субсидиялары боюнча карызды жабууга – 25 508,2 миң сом, «Чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык» 11121100 беренеси боюнча компенсациясы – 19 143,8 миң сом, Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетине жер салыгынан түшкөн - 215,0 миӊ сом республикалык бюджеттен түшкөн максаттуу трансферттер).
2024-жылдын 15-январына карата абал боюнча шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызы 13 672,5 миң сомду түздү, анын ичинде “Коммуналдык кызматтар” 2231 беренеси боюнча –6806,6 миң сом, “Байланыш кызматы” 2212 беренеси боюнча – 13,2 миӊ сом, “Башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу” 2215 беренеси боюнча - 4439,4 миң сом, “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды алуу” 2222 беренеси боюнча – 104,8 миӊ сом, “Көмүрдү сатып алуу жана отундун башка түрлөрүн алуу” 2224 беренеси боюнча -187,3 миӊ сом, "Имараттар жана курулмалар" 3111 беренеси боюнча –2041,5 миң сом, “Машиналар жана жабдуулар” 3112 беренеси боюнча-79,7 миң сом.
Жогорудагы айтылгандардын негизинде, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жыйынтыктары 406 274,8 миң сом суммасында киреше бөлүгүндө, анын ичинен бюджеттик каражаттар –370 034,7 миң сом, атайын каражаттар –36 240,1 миң сом 1-тиркемеге ылайык эске алынсын.
2. Шаардын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы 2023-жылдын чыгаша бөлүгү боюнча 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.) шаардын бюджеттик уюмдарынын кредитордук карыздарын төлөө боюнча зарыл чараларды көрсүн.
4. Токмок ш. боюнча МСКБнын башчысы тарабынан (Намазалиев А.А.):
-салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча ай сайын пландуу көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камсыз кылсын;
-салыктар жана төлөмдөр боюнча калдыкты кыскартуу үчүн иш күчөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министлигинде 1, 2 тиркемелери кагаз түрундө.