Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-апрели № 7-4
Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген инклюзивдик атайын мамлекеттик майып балдар бакчасын ачып берүү тууралуу “Ак-Байрак” майып балдар борборунун жазган өтүнүч катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”мыйзамынын 27-беренесине ылайык, ошондой эле “Ак-Байрак” майып балдар борборунун арызынын негизинде ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик атайын мамлекеттик бала бакча ачуу маселесин кароо зарылдыгы жаралгандан улам, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ак-Байрак” майып балдар борборунун ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн инклюзивдик атайын мамлекеттик бала бакча ачуу тууралуу арызы каралсын;
2. Бул маселе боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана негиздүү чечим кабыл алуу үчүн айылдык кенештин депутаттарынан турган убактылуу комиссия түзүлсүн;
3. Комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар жана тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү кирсин:
Комиссиянын төрагасы:депутат Н. Шаякматов
Комиссиянын мүчөлөрү:депутаттар Б. Омокоев, А. Муканмет уулу,
Ы. Мөндүрбаева, М.Мамыралиев, А. Алымбекова,
М. Сейитказиева, Д. Албанова, Т. Замирбеков,
Ат-Башы райондук билим берүү борборунун,
Ат-Башы райондук социалдык коргоо
башкармалыгынын, Ат-Башы райондук ЖДПБнун
өкүлдөрү (макулдашуу жолу менен)
4. Комиссияга төмөндөгү милдеттер жүктөлсүн:
· “Ак-Байрак” майып балдар борборунун, А. Курманалиев атындагы бала бакчанын жана депутат Ы. Мөндүрбаеванын сунуштарын терең талдоо;
· Иштеп жаткан мыйзамдарга, жергиликтүү мүмкүнчүлүктөргө жана социалдык керектөөлөргө жараша өзүнчө корутунду даярдоо;
· Аталган демилгени ишке ашыруунун укуктук жана каржылык жагын иликтөө;
· Кеңешке сунуш киргизүү үчүн 30 календарлык күндүн ичинде жыйынтык берүү.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | У. Мелис уулу |