Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-апрели № 5/2
АРИСтин эксперттери тарабынан сунушталган Таза суунун үйгө туташтыруу үчүн чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө
АРИСтин эксперттери тарабынан сунушталган таза суунун үйгө туташтыруу үчүн чыгымдардын сметасын карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИСтин эксперттери тарабынан сунушталган таза суунун үйгө туташтыруу үчүн чыгымдардын сметасында көрсөтүлгөн эксковатордун кызматы Кочкор айылы үчүн (траншея казуу жана жабуу) үчүн баасы узуну 1 метр, терени 2 метрден кем эмес казуу 300 сом, жабуу 50 сомдон, жалпысы 350 сомдон ашпасын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Архитектура, курулуш жана транспорт, өнөр жай, инвестиция тартуу жана экономика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |