Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-апрели № 5/4
Калыгул Бай уулунун бюстун орнотуу жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын Г.Базаров атындагы Чолпон кинотеатрынын алдында жайгашкан тарыхый инсандардын бюсторунун катарына олуя Калыгул Бай уулунун бюстун орнотуу тууралуу депутаттардын сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1.Ормон-Хан айыл аймагынын Г.Базаров атындагы Чолпон кинотеатрынын алдында тарыхый инсандардын бюсторунун катарына олуя Калыгул Бай уулунун бюстун орнотууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |