Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-апрели № 5/6
Ормон-Хан паркын атын өзгөртүү жөнүндө
Ормон-Хан айыл аймагынын Ормон-Хан паркынын атын өзгөртүү туралуу депутаттардын сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ормон-Хан айыл аймагынын Ормон-Хан паркынын атын өзгөртүүлүп, ОРМОН-ХАН ӨМҮР БАГЫ деп аталсын.
2. Ормон-Хан айыл өкмөтүнө Ормон-Хан паркынын атылышы өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу тиешелүү документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы талап кылынсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, экологияны коргоо, жер жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |