Загрузка документа…
ОРМОН-ХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-апрели № 5/7
Убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Кочкор жана Исакеев айылдарынын таза суу системасын куруу иштери жүрүп жаткан учурда курулуш иштерин көзөмөлдөө жана келип чыккан маселелерди жеринде чечүү максатында убактылуу комиссия түзүү туралуу депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ормон-Хан айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор айылынын таза суу системасын куруу иштери жүрүп жаткан учурда курулуш иштерин көзөмөлдөө жана келип чыккан маселелерди жеринде чечүү максатында төмөндөгү курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:
1) М.Балбаева, Г.Жапарова, Э.Шабданалиев, Р.Алиев, Б.Жакып уулу, К.Астраханов, С.Орозахунова, Э.Эрмекова, Э.Тойтоев, И.Болотбекова, Г.Илиязова
2. Исакеев айылынын таза суу системасын куруу иштери жүрүп жаткан учурда курулуш иштерин көзөмөлдөө жана келип чыккан маселелерди жеринде чечүү максатында төмөндөгү курамда убактылуу комиссия түзүлсүн:
1) Э.Эшмуканбетов, А.Жээналиева, М.Өмүров
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Архитектура, курулуш жана транспорт, өнөр жай, инвестиция тартуу жана экономика иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р. Жолдошбеков |