Редакцияот 13.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы

 

2025-жылдын 13-февралы № 5/3

 

Жоош айылдык кенешинин жана туруктуу комиссиялардын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө

 

 

Жоош айылдык кенешинин катчысы А.Гайыповдун, Жоош айылдык кенешинин жана туруктуу комиссиялардын 2025-жылга карата түзүлгөн иш планы боюнча жана туруктуу комиссиялардын түзгөн иш пландары боюнча билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык кеңешинин 8-чакырылыш кезектеги 5- сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Жоош айылдык кенешинин жана туруктуу комиссиялардын 2025-жылга карата түзүлгөн иш пландары бекитилсин.

 

2. Бекитилген иш план боюнча, иш алып баруу жагы, туруктуу комиссиялардын башчыларына тапшырылсын.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бардык туруктуу комиссияларга тапшырылсын.

 

 

Төрага:

 

А.Л.Зулпукаров

 

 

 

 

 

 

 

Жоош айылдык Кенешинин (сегизинчи шайланган) 2025-жылга тузулгон иш аракет планы

 

№

Иш чаранын аталышы

Аткаруу мооноту.                                 Жооптуулар

V-сессия

1

Жоош айыл өкмөтүнүнү социалдык экономикалык өнүгүү планын жана 2025-жылга карата түзүлгөн бюджетин бекитүү жөнүндө.

 

февраль

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы,ФЭБ башчысы бюджет боюнча туруктуу комиссия

2

Жоош айылдык кенешинин 2025-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө.

 

   февраль

Жоош айылдык кенешинин төрагасынын орун басарлары, туруктуу комиссиянын төрагалары, кенештин катчысы.

 

3

  Инвестицияларды жана гранттарды тартуунун абалы жөнүндө.

  февраль

  АӨ башчысы,ФЭБ башчы,проектилер менен иштөөчү адис, бейөкмөт уюмдардын жетекчилери, туруктуу комиссия

 4

Жайыт жерлерин натыйжалуу пайдалануу маселесин кароо

 

  февраль

. Жайыт комитетинин төрагасы, АӨ башчысы же башчынын орун басары, туруктуу комиссия

 

5

Ар турдуу маселелер

 

Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыпов

VI-сессия

1

 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу

АӨ башчынын отчету

 Апрель

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы,ФЭБ башчысы бюджет боюнча туруктуу комиссия.

2

Жоош айыл өкмөтүнүн кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин иштетилиши жана аукциондордун өтүшү, ”Абзел-Жоош”таза суу,”Султан-Наз”агын суу ишканаларынын аткарган иштери,тарифтерин оптималдаштыруу жөнүндө.

 Апрель

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы, жер боюнча комиссиясынын төрагасы, жер болүмүнүн адистери туруктуу комиссия.

3

. Жоош айыл окмотунун муниципалдык менчикти башкаруу жана муниципалдык менчиктин реестири тууралуу маалымат.

 Апрель

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы же АӨ башчысынын орун басары ,ФЭБ башчысы , туруктуу комиссия.

4

  Жазгы талаа иштерине даярдык, коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, көчө жарыгынын абалы тууралуу

 

Апрель

Жоош айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы , же АӨ башчысынын орун басары ,ФЭБ башчысы , туруктуу комиссия.

5.

Ар турдуу маселелер

 

Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыпов

VII-сессия  

1

 2025-жылдын 6-айдын жыйынтыгы боюнча айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программасынын аткарылышы тууралуу АӨ башчынын отчету

 

 июль

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы,ФЭБ башчысы бюджет боюнча туруктуу комиссия.

2

Жоош айылдык кенешинин алдындагы ветеринардык сервистердин жана тиричилик калдыктарын чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу ,социалдык кызматкерлердин ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу, айылдардагы көрүстөндордун иштеши , муниципалдык жерлердин, парктардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу боюнча маалымат угуу

 июль

АӨ башчы же Жоош айы өкмөтүнүн башчысынын орун басары, соц.кызматкер, муниципалдык ишкананын жетекчиси,туруктуу комиссия.

3

  Коомдук тартипти сактоонун абалы, дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу, спорттук курулмалардын иштешин камсыз кылуу

 

 июль

Жоош айы өкмөтүнүн башчысынын орун басары, айыл башчы, билим берүү мекемелеринин жетекчилери(макулдашуу боюнча),туруктуу комиссия.

4.

Жергиликтүү маанидеги китепканалардын, маданият үйлөрүн, клубдарын, музейлеринин ишин уюштуруу жана камсыз кылуу, жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо

июль

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы же АӨ башчысынын орун басары ,ФЭБ башчысы ,ишкананын жетекчилери, туруктуу комиссия.

5.

Жоош айыл өкмөтүнө караштуу мекеме –ишканалардын күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу.

июль

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы же АӨ башчысынын орун басары ,ФЭБ башчысы ,ишкананын жетекчилери, туруктуу комиссия.

6.

Ар турдуу маселелер

  июль

Жоош айылдык кенештин катчысы А. Гайыпов.

 

VIII-сессия

 

1

Элеттик аялдардын күнүн өткөрүү,ишкердүүлүктү өнүктүрүү, /й-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча аткарылган иштер жөнүндө отчет.

 октябрь

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары , .Жоош айыл өкмөтүнүн соц адистери. туруктуу комиссия

 

2

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуга даярдык тууралуу

 

 октябрь

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары , айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаал адиси , туруктуу комиссия.

 

3

  Жоош айыл окмотунун социалдык- экономикалык өнүгүү стратегиясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 октябрь

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы же АӨ башчысынын орун басары ,ФЭБ башчысы , ишкананын жетекчилери, туруктуу комиссия.

 

4

Ар турдуу маселелер

 октябрь

Жоош айылдык кенештин катчысы А. Гайыпов.

 

IX -cессия

 

 

 

 

 

1

Өнүгүү программаларын жана пландарын (СЭӨП, КСКП, иш-чаралар Планы) эсепке алуу менен Жоош айыл өкмөтүн 2026-жылга жергиликтүү бюджетинин такталган долбоорун жана 2027-2028-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө.

 

декабрь

Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы же АӨ башчысынын орун басары ,ФЭБ башчысы , ишкананын жетекчилери, туруктуу комиссия.

 

2

Ар турдуу маселелер

декабрь

Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыпов

 

 

 

 

 

 

 Уюштуруу иштери

1

Айылдык Кенештин.туруктуу комиссияларынын 2025-жылга иш планын түзүүгө жана анын негизинде заседаниелерин өткөрүүгө кабы л алынган чечимдерин көзөмөлдөөгө жардамдашуу

Айылдык Кенеш, туруктуу комиссия

2025-жыл ичинде

2

Айылдык кенештин депутаттарынын шайлоочулар алдында отчет берүүлөрүн уюштуруу ,алардын отчет берүүсү үчүн айылдардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн. бюджеттеринин аткарылышы жана кенештин уюштуруу иштери боюнча кыскача билдирүү даярдап.депутаттарга таркатуу жана атайын түзүлгөн график боюнча отчет берүүсүн уюштуруу

Айылдык Кенеш, туруктуу комиссия

2025-жыл ичинде

3

Муниципалдык обөектилердин эсебин тактап, реестрин түзүп, айылдык Кенештин сессиясында бекитүү

Айылдык Кенеш, туруктуу комиссия

2025-жыл ичинде

4

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жамааттарынын айыл мыйзамынын аткарылышынын жүрүшүн көзөмөлгө алуу, айыл өкмөтүнү бул багытта иш тажрыйбасын жалпылоо

АйылдыкКенешш, туруктуу комиссия

2025-жыл ичинде

5

Жоош айылдык Кенешинин сессияларынын токтомдорунун аткарылышын көзөмөлгө алуу, алардын айрымдарынын аткарылышынын жүрүшүн айылдык Кенештин туруктуу комиссияларынын заседаниелеринде талкуулоону уюштуруу

Айылдык Кенеш, туруктуу комиссия

2025-жыл ичинде

Айылдык Кенештин депутаттары, жертиликтүү өз алдынча башкаруу жамааттары менен ,коомдук уюмдар,семинар кенешмелерди,окууларды өткөрүү

 

1

Айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери менен семинар-кенешмелерди өткөрүү (атайын белгиленген план боюнча )

Айылдык Кенеш,

 

2025-жыл ичинде

2

Айылдык Кенештин депутаттары менен семинар өткөрүү (атайын белгиленген план боюнча)

Айылдык Кенеш,

ичинде

2025-жыл ичинде

3

Айылдык Кенештин амагындагы өз алдынча башкаруу жамааттарынын коомдук уюмдардын жетекчилери менен семинар өткөрүү

Айылдык Кенеш

2025-жыл ичинде

 

4

Айыл өкмөтүнүн аппараты менен Кыргыз Республикасында жаныдан кабыл алынган мыйзамдарды, токтомдорду, Указдарды окутуп-үйрөтүү

Айылдык Кенеш,

 

2025-жыл ичинде

 

Айылдык Кенештин, айыл өкмөтүнүн жана жамааттардын иш тажрыйбаларын жайылтуу

1

Раиондук «Эмгек майданы» гезитинин редактору менен биргеликте айылдык Кенештин, анын депутаттарынын, туруктуу комиссиянын иштерин раиондук гезитке чагылдыруу, тегерек столдорду уюштуруу

Айылдык Кенеш жооптуу катчысы, туруктуу комиссия, райондук гезиттин редактору

2025-жыл ичинде

 

Жоош айылдык Кенешинин катчысы:                                                  А. Гайыпов