Редакцияот 21.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын  21-январы №18                                                          

Түп айыл аймагынын жергиликтүү башкаруу органдарынын ишине

биргелешкен мониторинг жана баалоо (БМжБ)

тобунун курамын бекитүү жөнүндө

 

          Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2.1.-пунктунун негизинде, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын 

IV – cессиясы токтом кылат:

  1. Түп айыл аймагынын жергиликтүү башкаруу органдарынын ишине

жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүү максатында төмөнкүдөй биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү (БМжБ) тобунун курамы түзүлсүн:

1)    Комиссиянын төрагасы: Токонов Арсланбек Бектурсунович – Түп айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы;

2)    Комиссиянын катчысы: Осмонова Назгуль Акылбековна - Түп айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаал, пробация жана коомдук тартип боюнча башкы адиси;

3)    Мүчөсү: Мусагожоев Элдос – Түп айылдык кеңешинин депутаты;

4)    Мүчөсү: Еренчиев Куванычбек Касмалиевич – Түп айылдык кеңешинин депутаты;

5)    Мүчөсү: Өмүракунов Ильгиз - Түп айылынын жарандык активисти.

  1. Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү

маанидеги маселелерди чечүү боюнча Түп айыл аймагынын жергиликтүү башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө иштелип чыккан Жобосу 1-тиркемеге жана Иш-чара планы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

  1. Бул токтомду көзмөлдөө жагын Түп айыл өкмөтүнүн башчысы

Ч.Э.Джузеновго милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                                                 Абдымамбетов А.Б.