Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30-апрели № 245
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызмат өтөө (запаста болуу) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартибин, кызмат ордуна дайындоодо, ошондой эле офицердик курамды жана прапорщиктерди которууда аскер кызматчыларына карата талаптарды белгилөө максатында, “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызмат өтөө (запаста болуу) тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, административдик ведомстволору жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган башка мамлекеттик органдары жогоруда аталган Жобону жетекчиликке алсын, аны милдеттүү түрдө аткарууну камсыз кылсын жана өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган акча каражаттарынын жана бекитилген штаттык бирдиктеринин чегинде ишке ашырылат.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги №185 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 495 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуусунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-февралындагы № 52 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 4-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 306 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 21-пункту;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 572 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-ноябрындагы № 659 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-декабрындагы № 853 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17-июнундагы № 337 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-апрелиндеги № 185 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызматты өтөөсүнүн (запаста болуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;