Редакцияот 28.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2025-жылдын  28-февралы  №36                                                      

 

Түп айыл аймагынын борбордук көчөлөрүндөгү ЛЭД-экран жарнама тактасына жарыяларды чыгаруу бааларын бекитүү жөнүндө

       Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №123 Мыйзамынын

34-беренесинин  2.4-пунктунун негизинде Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын  VI – cессиясы токтом кылат:

 

  1. Түп айыл аймагынын Түп айылынын борбордук көчөлөрүндөгү LED-экрандарга жарнама берүү үчүн ижара акысынын тарифи 1-тиркемеге ылайык бектилисин.
  1. Бул токтомду аткаруу  Түп айыл өкмөтүнүн башчысына, маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага                                                                                 Абдымамбетов А.Б.

 

 

 

  Түп айылдык кеңешинин    

  2025-жылдын 28-февралындагы

  № 36-токтомуна 1-тиркеме

 

 

          Түп айылынын борбордук көчөлөрүндөгү ЛЭД-экран жарнама такталарына жарыя чыгаруулардын ижара акыларынын эсептөөсү

 

№

Мөөнөтүү

Акысы, сом

1

1 айга

15 000 сом

2

1 жумасына

3 750 сом

3

1 күнгө

500 сом

4

1 саатына

20 сом

5

1 минутасына

0,37 сом

 

     

 

Түп айыл өкмөтүнүн киреше

боюнча адиси                                                                Тентиев У.Э.