ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 28-февралыы №39
Түп айыл аймагындагы калктын социалдык аярлуу катмарындагы, аз камсыз жана жакыр үй-бүлөөлөрдөгү жашаган балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» №123 Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде, Түп айылдык кеңешинин XXIX-чакырылышынын VI – cессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын
18-ноябрындагы №693-токтомунун 6.3-пунктуна ылайык Түп айыл аймагындагы калктын социалдык аярлуу катмарындагы, аз камсыз жана жакыр үй-бүлөөлөрдөгү жашаган ваучер алуучу 4 баланын тамактануусу үчүн акы төлөөгө жеңилдиктерди жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүзөгө ашырылуусуна макулдук берилсин.
- Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап,
Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
- Бул токтомду аткарылышы Түп айыл өкмөтүнүн башчысына,
көзөмөлдөө жагы Түп айылдык кеӊешинин бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага Абдымамбетов А.Б.