Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-апрели № 48
Түп айыл аймагынын малдарды жайлоого көчүрүүнүн, багуунун, бадада багуунун, жазгы-күзгү жердин айдоо-себүүнүн акыларын жана малдын эгинге, көп жылдык чөптөргө зыян келтирүүсүнүн айып пулдарын бекитүү жѳнүндѳ
Түп айыл аймагынын малдарды жайлоого багуунун, бадада багуу, жазгы-күзгү айдоо-себүүнүн акыларын бекитүү жѳнүндѳ маселени карап, чыгып, айылдык жыйындардын жыйынтыктары менен алдын ала талкуулоолорду жана макулдашууларды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”№ 123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктунун негизинде Түп айылдык Кеӊешинин ХХVIII-чакырылышынын XXVII - сессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл аймагы боюнча жайлоого кѳчкѳн малды багуу акысы:
- 1 бир баш койго - 160 сом;
- уйга, торпокко - 700 сом;
- Жылкыга - 700 сом;
- Түп айыл аймагыдагы бардык бадалар үчүн баданын акысы уй башына (букасы менен) - 400 сом.
2. Түп токой чарбасынын пайдаланууга алынган жайыт акы:
- 1 бодого, жылкыга - 54 сом, 1 га жер бѳлүнѳт;
- 1 койго – 12,5 сом, 4 башка 1 га жер бѳлүнѳт.
3. Түп айыл өкмөтүнүн жакынкы жайыттарына алынган жайыт акы:
- 1 бодого, жылкыга - 100 сом, 1 га жер бѳлүнѳт;
- 1 койго – 25 сом, 4 башка 1 га жер бѳлүнѳт.
4. Түп айыл аймагы боюнча малдарды жайлоого көчүрүү убактысы
5-майга чейин деп милдеттендирилет.
5. Белгиленген мѳѳнѳттѳ кѳчпѳгѳн малчыларга катуу чаралар
кѳрүлсүн жана 10 000 (он миң) сом ѳлчѳмүндѳ айып салынсын.
6. Айылда саан уйлар жана 1 баш мингич же арабакеч жылкы алып
калууга уруксат берилсин.
7. Базда-кашарларда мал алып калып, багууга уруксаат берилбесин.
8. Түп айыл аймагынын малдарын мамлекет тарабынан коюлган
талапка ылайык биркалап берүү жана даарылап профилактика
жүргүзүү жагы ветеринардык тейлѳѳ кызматына тапшырылсын.