Загрузка документа…
ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 3-апрели №49
Түп айыл аймагынын “Пахарский” сугат каналын райондук суу чарба башкарамалыгына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”№ 123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктунун негизинде Түп айылдык Кеӊешинин ХХIX -чакырылышынын VII - сессиясы токтом кылат:
1. Түп айыл аймагынын “Пахарский” сугат каналын Түп айыл
өкмөтүнүн балансынан райондук суу чарба башкарамалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жана ишке ашыруу
жагы Түп айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап,
Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.
Төрага Абдымамбетов А.Б.