ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 30-январы №177/31-5
“Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдагы иши жөнүндөгү” Токмок шаарынын мэринин отчету жөнүндө
Токмок шаарынын мэри М.О.Нусувалиевдин “Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдагы иши жөнүндөгү” отчетун угуп, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мэри М.О.Нусувалиевдин “Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдагы иши жөнүндөгү” отчету тиркемеге ылайык эске алынсын.
2. Токмок шаарынын мэри (Нусувалиев М.О.) Токмок шаарынын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын бардык болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн аткарылышын камсыз кылсын.
3. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министлигинде тиркеме кагаз түрундө.