Редакцияот 17.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАСАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын «17» январы   №24        

Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин китепканачылардын ээлеген кызмат коюму( ставка) 1  коюмдан  0,5 коюмга  кыскартуу жөнүндө.

      Карасаев айыл аймагындагы китепканаларда китеп окуган окурмандар аз, адабий көркөм адабияттар электронный форматта    көп болуп айыл элинин китепке кызыкчылыгы жок экенин китепканалар муздак болуп, китепканачылар  заман талабына ылайык иш- чаралар өткөрүп келбегендиктен, китепканачылар функционалдык милдеттерин аткара алышпагандыктан жана китепканалардын муктаждыгын айыл өкмөттүн бюджетинин аздыгы жана китепканачылардын иштөө  тартиби эртеӊ мененки 8:00 кечки 17:30 чейин ачылбай китепканаларды кара кулпулар кайтарып тургандыктан Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIХ-чакырылышынын кезектеги  IV-сессиясы токтом кылат;

 

  1. Карасаев айыл аймагынын китепканачыларынын ээлеген кызматтары                                         1  коюумдан ( ставкадан) 0,5  коюмга ( ставкага )которулсун.
  1. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы                      Э. А Чоркозовко милдеттендирилсин.
  1. Токтомду каттоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын  укуктук  ченемдик актыларынын  реестирине киргизүү үчүн  Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жиберилсин

 

 

Төрага                                                                                        Д. Б Солпуев