Загрузка документа…
КАРАСАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын «30» апрели №39
Карасаев айыл аймагы боюнча айыл тургундарынын жеке менчик малдарын багуунун кызмат акысын бекитүү жөнүндө.
Карасаев айыл аймагы боюнча жеке менчик малдарды алыскы жана жакынкы жайыттарда багууда мал баккан малчылардын кызмат акысын бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин ХХIХ- чакырылышынын VII - кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. 2025- жылга карата мал баккан малчылардын (Арал,Миӊ- Булак,Сары- Дөбө, Долон, Кош- Дөбө айылдарынан ) төмөндөгүдөй мал баккан акысы алынсын:
бодо малга 600 сом 1 башка.
жылкы 600 сом 1 башка.
кой , эчки 120 сом 1 башка.
Тасма,Чоӊ- Тогузбай , Токтоян айылдары үчүн :бодо малга 1-айына 600 сом 1 башка, калган айларына 500 сомдон 1 башка,
жылкы 1- айына- 600 сом 1 башка,калган айларына 500 сом 1 башка,
кой , эчки 1-айына -120 сом 1 башка,калган айларына 100 сом 1 башка
Баардык түрү боюнча жайыт акысы ичинде 2025-жылга карата жайыт акысы –
Саан уй-100 сом
Бодо мал 6 айдан 24- айга чейин -80 сом
Жылкы 100-сом
Кой,эчки-20 сом
Купка салууга 1 башка 15 сом
2. Мал баккан малчылар үчүн төмөндөгүдөй кызмат акылары бекитилсин.
-саан уйларга айылдагы бадачы акысы Арал айылында :500 сом, 1 башка
Миӊ- Булак айылында-400 сом,1- башка
Долон айылында-400 сом,1-башка
Сары- Дөбө -350сом,1-башка
Кош- Дөбө -400 сом,1 башка
3.Мал баккан малчылар менен келишим түзүү айыл айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомду аткаруу жагы Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн « Ийгилик» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Д. Н Кыдырмышовко жана Карасаев айыл аймагынын айылдык кенешинин мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура , курулуш, транспорт,экология ,жер жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э. А Чоркозовко милдеттендирилсин.
6.Токтомду каттоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жиберилсин
Төрага Д. Б Солпуев