Загрузка документа…
КАРАСАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын «30»апрели №40
Карасаев айыл аймагындагы жеке менчик малдардын жайлоого көчүү конушу жана айдоо аянттарын малдын тепселөөсүнө айып салуу жөнүндө.
Карасаев айыл аймагындагы жеке менчик малдардын жайлоого көчүү, конушу жана айдоо аянттарын малдын тепселөөсүнө айып салуу жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин ХХVIII- чакырылышынын XII - кезектеги сессиясы токтом кылат:
-беде коруу -15-апрелден белгиленсин,
-жайыт коруу- мал жайытка кеткенден башталат,
-ортонку жайыттарга көчүү-10- майга чейин,
- алыскы жайытка-20-майга чейин көчүү (аба-ырайына жараша өзгөрүү),
-кайра көчүп келүү-20- сентябрдан кийин,
-жайлоого мал топтоо-10-апрелден башталат,
- айдоо аянттарына кароосуз мал үчүн мал башына,
- бодого 1-чи жолу 1000 сом, 2-жолу 2000 миӊ сом ( мал башына ), 3-жолу Мал ээсин укук коргоо органдарына берүү,
- кой, эчкиге 1-чи жолу 100 сом( мал башына), 2-жолу 200 сом( мал башына ), 3- жолу Мал ээсин укук коргоо органдарына берүү,
- жайлоого өз убагында көчпөгөн малчыга-7000 мин сом айып пул салынсын,
-жайлоодон айылга көчүү ортонку жайыт-25-сентябрдан баштоо,
-жайлоодон айылга көчүү алыскы жайыт-20- сентябрдан баштоо,
-мал ээлерине малдарды 1- октябрдан баштап таратуу,
-жайлоодон келишимди бузуп өзүм билемдик менен эрте көчүп келсе- малчыга-7000 мин сом өлчөмүндө айып пул салынсын,
-15-апрелге чейин айдоо аянттарына мал кирсе мал ээлерине эскертүү,
-айыл аймактын территориясынан сырткары бөлөк айылдан мал алышса 5(беш) күндөн ашык жайытка кармоого уруксаат берилбесин,
-жайыт жерлерин негизсиз айдап- сээп пайда корүп жаткан адамдарга Жайыт мыйзамдарынын талабына ылайык чара көрүү жагы каралсын,
-жайлоодон себепсиз жоголгон малдын ээсине малдын башы төлөнүп берилсин
-ооруган малды ээсине кабарлоо 2 күндүн аралыгында билдирилсин,
-Жайлоодон өлгөн малдын ээсине малдын өлүгүн күбөлөр жана бирка номери менен видео отчет аркылуу мал ээсине тапшырылсын,
-айылдык кенештин жана жалпы элдин чечимине баш ийбеген өзүм билемдик менен бааны көтөргөн малчыга бузуулар эрежесинин негизинде пайып пул салынсын.
3.Айыл тегерегиндеги саан уйлар,жумушчу ат ,чабыр кой жайылган жайыттарга эч себепсиз мал калтырса мал ээлерине кой башына 100 сом айып пул салынсын.
4.Жеке менчик мал баккан малчылар тарабынан сырттан мал алып багуусуна тыйуу салынсын.
5.Токтомду аткаруу жагы Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн « Ийгилик» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Д. Н Кыдырмышовко жана Карасаев айыл аймагынын айылдык кенешинин мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура , курулуш, транспорт,экология ,жер жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э. А Чоркозовко милдеттендирилсин.
7.Токтомду каттоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик
актыларынын реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция
Министрлигине жиберилсин.
Төрага Д.Б Солпуев