Загрузка документа…
КАРАСАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын «30» апрели №41
Карасаев айыл аймагы боюнча жазгы талаачылык жумуштарынын жүрүшү жана талаачылык жумуштарын аткарууда кызмат көрсөтүүчү техникалар кызмат
акысын бекитүү жөнүндө.
Карасаев айыл аймагы боюнча жазгы талаачылык жумуштарынын жүрүшү
жана талаачылык жумуштарын аткарууда кызмат көрсөтүүчү техникалардын кызмат акысын бекитүү жөнүндө маселени угуп жана талкуулап Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин ХХIХ- чакырылышынын VII -кезектеги сессиясы токтом кылат:
1. Карасаев айыл аймагы боюнча жазгы талаачылык жумуштарына кызмат көрсөтүүчү
техникалардын кызмат акысы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- дыӊ жерди бузуу 1 га жер- 1500 сом, 25 литр солярка.
- айдоо 1 га жер - 1200 сом, 20 литр солярка.
- жерди каткилөө-1га жер-5литр май ,300 сом
- беде тырмоо 1 га жер- 300 сом,5 литр солярка.
- айдоо тырмак 1 га жер-500 сом, 10 литр солярка.
- себүү 1 га жер - 500 сом, 10 литр солярка.
- дары чачуу 1 га жер - 600 сом, 5 литр солярка.
- чөп чабуу 1 га жер-1000 сом, 10 литр солярка.
- чөп пресстөө жиби болсо 13 сом, жиби жок болсо 15сом, 10 литр солярка.
- комбайн эгин чабуу 1га жер-1300 сом, 20 литр солярка.
- эгин ташуу айыл ичи 5 литр май, 500 сом, аркы бет 1200 сом.
- картошка казууга 1га жер 6000 сом.
2. Токтомду аткаруу жагы Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн « Ийгилик» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Д. Н Кыдырмышовко жана Карасаев айыл аймагынын айылдык кенешинин мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура , курулуш, транспорт,экология ,жер жана айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э. А Чоркозовко милдеттендирилсин.
4.Токтомду каттоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жиберилсин.
Төрага Д.Б Солпуев