ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 30-январы №178/31-5
Токмок шаарынын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 17-январындагы №1-22/129 кайрылуусун карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токмок шаарынын мэри (Нусувалиев М.О.) Токмок шаарынын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын толугу менен аткарылышын камсыз кылсын.
3. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министлигинде тиркеме кагаз түрундө.