ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 30-январы №182/31-5
Токмок шаары, Ровнягин көчөсү (номери жок) дарегинде жайгашкан Рашев Джумакан Джумалиевич жаранынын аянты 1280,0 ч.м. Р-2 зонасынан жана аянты 2500,0 ч.м. Р-4 зонасынан жалпы аянты 3780,0 ч.м. жер тилкесин К-1 зоналдык категориясына которуу жана “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 17-январындагы №1-22/130 катынын, “Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу” боюнча комиссиясынын протоколунун, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок ш. курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
-Токмок шаары, Ровнягин көчөсү (номери жок) дарегинде жайгашкан Рашев Джумакан Джумалиевич жаранынын аянты 1280,0 ч.м. Р-2 зонасынан (рекреациялык жана ландшафттык аймактардын зонасы) жана аянты 2500,0 ч.м. Р-4 зонасынан (жеке бакчалардын, огороддордун зонасы), жалпы аянты 3780,0 ч.м. жер тилкеси К-1 зонасына (коммуналдык чарба, транспорт, кампа жана чакан өндүрүш) которулсун.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |