ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 30-январы №183/31-5
Токмок шаары, Борончиев көчөсү, 14 дарегинде жайгашкан “Рассвет Холдинг” ЖЧКнын аянты 780,8 ч.м. жер тилкесинин зоналдык категориясын Ж-1Б зонасынан Ж-2 зонасына которуу жана “Токмок шаарынын курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 17-январындагы №1-22/130 катынын, “Токмок ш. курулуш жана жер пайдалануу” боюнча комиссиясынын протоколунун, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок ш. курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок шаары, Борончиев көчөсү, 14 дарегинде жайгашкан “Рассвет Холдинг” ЖЧКнын аянты 780,8 ч.м. жер тилкесинин зоналдык категориясы Ж-1Б зонасынан (шаардын борбордук бөлүгүндө жеке менчик турак жай курулушунун зонасы) Ж-2 зонасына (аралаш турак-жай аянт зонасы) которулсун.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |